Коом
29-июнга карата аба ырайы
Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 29…34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын өрөөнүндө 23…28 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 34…36 градусту көрсөтсө, Ош шаарында 35…37, Чолпон-Атада 24…26 градуска чамалап барат.