Коом

Алтынбек Максутов Өзбекстанда өтүп жаткан II Эл аралык маком искусствосу форумунун ачылышына катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов 2024-жылдын 27-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Заамин районунда II Эл аралык маком искусствосу форумунун ачылышына катышты.
​Эл аралык маком искусствосунун форуму Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен 2018-жылы уюштурулуп, алгач Шахрисабз шаарында өткөрүлгөн.
​Салтанаттуу расмий ачылыш аземинде Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёев сөз сүйлөп, маком өнөрүнүн тарыхын жана маанисин белгиледи.
Классикалык музыкалык искусствонун бермети болгон уникалдуу макомдор ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
Салтанатка ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясынын президенти Симоне Микулеску, Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) башкы директору Салим Мухаммад Аль-Малик, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Башкы катчысынын орун басары Нурлан Сейтимов, Түркия президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Казакстандын Президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев, Тажикстандын Президентинин социалдык өнүктүрүү, маданият жана коомчулук менен байланыштар боюнча жардамчысы Абдулло Рахмонзода жана Азербайжандын маданият министри Адил Габил оглу Каримли катышышты.
Фестивалга жалпысынан Азиянын, Европанын, Түндүк жана Түштүк Американын, Африканын 80ден ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын коноктор, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театры жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисттери катышууда.
Форум 30-июнга чейин уланып, “Мыкты маком ансамбли”, “Мыкты солист-аспапчы” жана “Мыкты солист-вокалист” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле маком өнөрүнүн теориялык жана практикалык негиздери боюнча эл аралык конференция жана тегерек столдор өткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button