Коом

ИИМ жарандарды шайлоо тилкелеринде укук тартибин сактоого чакырат

Бүгүн, 2024-жылы 30-июнь күнү милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтүп жаткандыгына байланыштуу, шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Бишкек шаарынын Свердлов районунун 60 шайлоо тилкелеринде, Ош облусунун Ноокат районунун 54 шайлоо тилкелеринде, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 21 шайлоо тилкелеринде жана Ысык-Көл районунун 40 шайлоо тилкелеринде өтүп жатат.

Ар бир шайлоо тилкесинде милиция кызматкерлери жана жооптуу кызмат адамдары бекитилип, ички иштер органдарынын 1500ге чукул кызматкери шайлоо тилкелеринде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштеп жатышат.

ИИМ жарандарды добуш берүүдө мыйзамдын талаптарын жана тартипти сактоого чакырат жана шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button