Кылмыш-кырсык

Жалал-Абадда өспүрүмдөргө психотроптук заттарды саткан дарыкана аныкталды

Жалал-Абад шаарында «Аптека баңгичилигине» бөгөт коюлду. Бул утуралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканаларда жана жеке турак жайларда «Лирика» жана «Мидакс» (тропикамид) психотроптук препараттарын мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, дарыканалардын кызматкерлери жана айрым жарандар материалдык пайда алуу максатында психотроптук заттарды тиешелүү медициналык рецептсиз жана мыйзамсыз сатып алып, аларды саткандыгы такталды. Ошол эле учурда аталган фармацевтикалык каражаттардын негизги сатып алуучулары болуп, психотроптук каражаттарды өз максаты боюнча эмес, мас абалына жетүү үчүн жаш өспүрүмдөр колдонгон.

2024-жылдын 22-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыканаларды жана жеке турак жайларды тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн психотроптук препараттар (Лирика — 530 даана) жана (Мидакс — 220 даана) табылып алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облустун тургундарын психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча маалыматы болсо (WhatsApp – 0995 012210) телефон номуруна байланышууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button