Коом

Кыргызстанда эң көп акча соода тармагында жүгүртүлөт

Быйылкы жылдын беш айында Кыргызстанда рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 480,4 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу 16,1%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, акчанын эң көп үлүшү дүң жана чекене соодага туура келет – 352,6 млрд сом, же бардык рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн 73,4%ын түзөт. Андан кийинки орунда финансылык ортомчулук – 30,5 млрд сом (Кыргызстандагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн 6,36%) жана транспорттук ишмердүүлүк – 30,4 млрд сом (6,33%) турат.

Эң аз акча искусство жана көңүл ачуу тармагында, ал 1,1 млрд сомду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button