КоомКылмыш-кырсык

УКМК: «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

УКМК улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу, андан соң жалган документтер менен, Кара-Балта тоо-кен комбинатына кийин сатуу максатында алып кирүү фактысын аныктады.

Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 25-июнунда КР жарандары М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. кармалды.
Кармалгандар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 2024-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөөсү КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button