Коом

Баткенде үч эм төрөлдү

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын тургуну Каримберди уулу Нурсултанбек менен Элмира Абдыкалыковалар ушул жылдын 19-июнь күнү үч эмдүү болушкан.
1-июль күнү Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов үч эмдин ата-энелерин куттуктап, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кошо үч колясканы белек кылды. Бул тууралуу Баткен мэриясынан билдиришти.
Үчөө тен кыз. Аларга Мариям, Муслима жана Малика деген ысымдар ыйгарылган.
Нурсултанбек менен Элмиранын буга чейин бир кызы болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button