![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/07/прапрпр.jpg)
Коом
Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция башталды
Бүгүн Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү AN сериясындагы ID-карталарды 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карталарга алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, паспортту алмаштыруу бардык жарандар үчүн акысыз.
Мекеме 2017-жылдагы документтерди өзгөртүүнүн кереги жок экенин белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштырууну каалаган 2 миңден ашык адам кайрылган.