Саясат

Ноокаттагы селге байланыштуу Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровго көңүл айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровго Ноокат районундагы селдин кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу маалымат коңшу мамлекет башчынын расмий сайтында жарыяланды.
Токаев өзүнүн жана казакстандыктардын атынан маркумдардын жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын батыраак сакайып кетишин тилеген.

“Казакстан кырсык болгон жерге гуманитардык жардам жөнөттү. Эгер керек болсо, боордош Кыргызстанга дагы жардам берүүгө даярбыз”, — деп айтылат телеграммада.

28-июнда Ноокат районунун Абшыр-Ата аймагында сел жүрүп, 10 киши каза тапты. Көбү балдар, экөө казакстандык экени айтылды. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button