Коом

Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов үч эм кыздуу болгон милиция кызматкерин куттуктады

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов милиция кызматкерлеринин Амина, Алия, Асия аттуу үч эм кыздарынан кабар алып куттуктап, үч чыгырык белек кылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Кадамжай РИИБдин “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Урайым уулу Жаңыбай 2024-жылдын 15-май күнү 3 эм кыздуу болгон.

Милиция кызматкери Урайым уулу Жаңыбай 33 жашта. Кыргыз Республикасынын ИИОдо 2016-жылдан бери кызмат өтөп келет. Аялы Маликова Айзирек 28 жашта, кесиби журналист.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button