Коом

Бишкек ЖЭБине Нургазы Курманбеков директор болуп дайындалды

Нургазы Курманбеков Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп дайындалды.

Бишкек ЖЭБдин жамаатына Нургазы Курманбековду Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев тааныштырды.

Талайбек Байгазиев белгилегендей, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер коюлган.

Өз кезегинде Нургазы Курманбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууга бардык күч-аракет жумшалаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Нургазы Курманбековдун эмгек ишмердүүлүгү:

— 2007-2013-жылдары — 2-категориядагы инженер, 1-категориядагы инженер, «Электр станциялары» ААКнын жабдууларын эксплуатациялоо боюнча жетектөөчү инженери;
— 2014-2016-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;
— 2017-2018-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженери;
— 2018-2021-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;
— 2021-2022-жылдары Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун директору;
— 2022-2023-жылдары – «Электр станциялары» ААКнын жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери.

Билими: И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, энергетика факультети, «Электр станциялары» адистиги.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button