Саясат

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр башталды.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы менен учурашып жатып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде БУУнун делегациясын тосуп алууга кубанычта экенин белгиледи.

Президент БУУнун ишмердүүлүгү планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтып, быйыл сентябрь айында Нью-Йоркто Келечек саммитти өткөрүү боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп калган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү ишке ашырып келүүдө жана алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтып өттү. Алар — 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча БУУнун Алкактык программасы, эки жылдык биргелешкен иш планы.

Туруктуу өнүгүү максаттарын каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери кабыл алынган,

ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңеш түзүлдү. Кыргыз Республикасы БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири жана энергия өндүрүү боюнча жогорку потенциалга ээ экенин баса белгиледи. Экономикага инвестиция тартылып, ири ишканалар ачылып, энергетика жана транспорт тармагында жаңы аймактык долбоорлордун курулушу башталды.

Садыр Жапаров Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган ири СASA-1000 долбоорун жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда тезирээк жана натыйжалуу соода жүргүзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга көмөктөшө турган — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарды айтып өттү.

Президент ошондой эле бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара боюнча юридикалык жактан толук чечилген чек ара маселелерине токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстандын Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы маселелерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын айтып, Кыргызстан ар дайым бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келгенин белгиледи.

Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна алмаштыруу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу механизмдерин колдонуу менен өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоо маселесинин үстүндө иштөө сунушталып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи.

Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин баса белгиледи.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи.

Ошону менен бирге ал Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button