Коом

Бишкек мэриясы 100гө жакын автотранспортту аукционго коет

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион болорун билдирди.  

96 лоттон турган аукцион 2024-жылдын 25-июлунда саат 14:00дө Бишкек ш. Чокморов көч, 246 дарегинде өткөрүлөт. Арыздар 2024-жылдын 22-июлуна чейин кабыл алынат.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү  тапшырат:

  • лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
  • талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
  • арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
  • кепилдик взностун (депозиттин) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button