Саясат

Садыр Жапаров: БУУ менен кызматташтык өлкөнүн тышкы саясатындагы келечектүү багыт болуп саналат

Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтык өлкөнүн тышкы саясатындагы келечектүү багыт болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкө БУУнун башкы катчысынын Кыргызстанга келүүсүн чыдамсыздык менен күттү. «БУУ эң кадыр баркттуу жана универсалдуу эл аралык уюм экендиги талашсыз. Анын ишмердүүлүгү дүйнөдө тынчтыкты сактоого жана глобалдык, социалдык жана климаттык өзгөрүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Кыргызстан БУУга мүчө болгон алгачкы күндөн тартып эле уюм менен кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатында келечектүү багыт болуп саналат. Кыргызстан бардык эл аралык демилгелерди чын жүрөктөн жана толук жоопкерчилик менен ишке ашырат. Биз БУУ менен көп тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалайбыз. Уюм менен биздин бардык мамилелерибиз келечектүү кызматташуунун бардык талаптарына жооп берет», — деди президент.

Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп калган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү ишке ашырып келүүдө жана алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтып өттү. Кыргызстан өз кезегинде 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча туруктуу өнүгүү максаттарына, биргелешкен эки жылдык иш планына жана БУУнун алкактык программасына кирген комплекстүү механизмдерди кабыл алды.

«Кыргызстан БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады. БУУнун Кыргызстандагы бардык кызматкерлерине жана түзүмдөрүнүн жетекчилерине жигердүү ишмердүүлүгү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button