Коом

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө наам жана дипломдорду тапшырды

Бүгүн, 2-июлда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын жана КР УКМК Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун бүтүрүүчүлөрүнүн алгачкы аскердик наам жана диплом тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө коопсуздугун коргоо жаатында эмгектенген коопсуздук органдарын жыл сайын КР УКМКга караштуу А.К.Бакаев атындагы Академияны, ошондой эле Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлер толуктап турат.
Аталган бүтүрүүчүлөр окуу аралыгында мамлекеттин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим, жөндөмдөргө ээ болушту.
Мындан улам, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктагандары менен менен куттуктап, алардын алган билими коюлган тапшырмаларды так жана таамай аткарууга, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо жаш кызматкерлерди мекенди сүйүүгө жана ар дайым күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.
Белгилей кетсек, коопсуздук багытындагы адистердин сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында, үстүбүздөгү жылдын 30-январында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы – Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен КР УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button