Кылмыш-кырсык

УКМК: Жалал-Абадда «Йакын инкар» ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, алардан баңгизаты табылды

УКМК 2024-жылдын 29-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Йакын Инкар»диний-экстремисттик агымынын активдүү 6 жактоочусун кармады. Аталган адамдар Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү үгүттөшкөн. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

      

      

Жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн натыйжасында көп сандаган экстремисттик адабияттар, экстремисттик мүнөздөгү материалдары бар баракчалар, ошондой эле жалпы салмагы 1 килограммдан ашуун өзгөчө жыты бар баңги заты (842 грамм “гашиш”, 286 грамм “марихуана”) табылды.
Аталган адамдар «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп тургандыгы да такталды.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КР УКМК жарандарга Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button