Саясат

Садыр Жапаров 5576 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген ысым ыйгарды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген ысым берилгендиги туурасында сертификат тапшырды.
Мамлекет башчысы БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында, ошондой эле БУУнун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгилеп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген ысым берилгендиги туурасында сертификатын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button