Коом

ИИМ: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча семинар-тренинг өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарындагы “Smart Hotel” мейманканасынын жыйындар залында Чүй ОИИББдин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынын ыкчам иштер боюнча орун басарларына, Чүй облусундагы прокуратура, сот органдарынын өкүлдөрүнө, милиция кызматкерлерине экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан демилгеленип, Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп жатат.

Иш-чараны демилгечи тараптан ИИМдин ЭММКАКтын башкармалыгынын башчысынын башчысынын орун басары Самат Бердикожоев ачып, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын натыйжалуулугуна токтолуп, анын айрым жоболорун ишке ашыруу максатында көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүнө токтолду.

Андан соң аталган Кызматтын кызматкери Самат Осмонов экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын коомго тийгизген таасири, экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын айрым талаптарын жана 2023-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасыны ишке ашыруу тууралуу кенен баяндама жасады.

Коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул көйгөй тууралуу катышуучулар тарабынан дагы суроолор узатылып, тиешелүү жооптор берилди.

Катышуучулар тараптан Кылмыш-жаза кодексиндеги айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдө жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү, алдын алуу багытында көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун арттыруу сунуш катары айтылды.

Аягында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын аткарган иштерине токтолушуп, жаралган көйгөйлөр боюнча айрым маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ой-пикирлери менен алмашып, мыйзам чыгаруу жана практикалык чараларды, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттер тууралуу талкуулашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button