Саясат

Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУнун дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарды токтотуу аракеттерин колдойт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда Кыргызстан БУУнун дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарды токтотуу боюнча аракеттерин толук колдой турганын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан Газадагы жаңжалды жана он миңдеген палестиналыктардын өлүмүн эл аралык жана гуманитардык укуктарды одоно бузуу катары баалайт. Газадагы гуманитардык кризис кырдаалды ого бетер курчутту. Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин 11-июндагы Газада ок атууну токтотуу боюнча демилгесин толугу менен колдойбуз жана чечимди так аткарууну маанилүү деп эсептейбиз. Ошондой эле биз Украинадагы кырдаалга да тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Биздин өлкө абалдын жөнгө салууну жана чыр-чатакты эртерээк токтотууну жактайт. Мен дүйнөдөгү чыр-чатакты токтотуу боюнча сиздин аракеттериңизди толук колдойм”, — деди Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button