![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/07/4345.jpg)
Коом
Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узартылды
Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды.
Биринчи май районунун администрациясы билдиргендей, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.
Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.
Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.