КоомКылмыш-кырсык

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладештин 11 жараны кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылдын 25-июнунда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш Республикасынын 11 жараны Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары мыйзамсыз кесип өткөн учурда кармалды.
2024-жылдын 8-июнунда Бангладеш Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасына эмгек миграциясы максатында келишкен, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына өтүүнү чечкен. Бангладеш Республикасынын жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.И. да кармалды.
Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ушул жылдын 21-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында КР УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталып, жыйынтыгында Бангладеш Республикасынын 46 жараны кармалган, алар миграциялык Мыйзамдын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.
Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button