КоомКылмыш-кырсык

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен гараждык кооператив мамлекетке кайтарылды

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген мүлктөрдү жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында А.Б. аттуу жаран ЖЧКнын жетекчиси болуп туруп, 2005-жылы Самаркандек айыл өкмөтүнүн токтомун жасалма кылып, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 3 чарчы метр гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталды.Текшерүүнүн жыйынтыгы менен маалымат журналында катталган материалдардын алкагында аталган ишкананын жетекчиси укук белгилөөчү документтерди бурмалоо фактысын мойнуна алып, Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен имараттары бар, сметалык баасы 32 миллион сомдон ашык болгон жер тилкесин өткөрүп берди.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button