Саясат

Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары тереңдетүү, ошондой эле тоо-кен тармагында жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү байкалганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи.

Бул контекстте соода-экономикалык кызматташтык алдыңкы планга чыгып жатканын Мамлекет башчысы белгилеп, Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү — эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багыт алып жатканын жана Монголиянын рыногунда суроо-талапка ээ болгон жогорку сапаттагы жана экологиялык жактан таза продукцияны сунуштай аларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Монголиянын лидерин Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Президент Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаров менен жылуу саламдашып, Кыргызстандын Президентинин Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча көптөгөн тармактарда салттуу байланыштар бекемделгенин канааттануу менен белгиледи. Жетишилген макулдашуулар ишке ашырылууда.

Ал Монголия Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен транспорттук-логистикалык, билим берүү жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жагын карап чыгууну сунуштады.

Сөзүнүн аягында Монголиянын лидери Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button