Спорт

Бишкекте “Келечек оюндары” мультиспорттук турнири өттү

Бишкектеги «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында фиджитал-футбол боюнча «Келечек оюндары» мультиспорттук турнири өттү.

«Келечек оюндары» – бул физикалык (physical) жана санарип (digital) спорт түрлөрүн бириктирген мультиспорттук иш-чара.

Турнир жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандагы жаңы фиджитал-дисциплиналарга көңүл бурууга багытталган.
Турнирге жалпысынан 8 команда (64 спортчу) катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталды:
1-орун — KYRGYZ FORCE;
2-орун — Кыргыз Фристайл;
3-орун — Тойота Борбору.

Мындан тышкары, мыкты оюнчу наамын Атай Өмүрзаков алды.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы менен биргеликте Кыргыз футбол союзунун колдоосу менен уюштурду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button