Саясат

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Казакстандын Астана шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кыргызстан менен Кытай көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылыктын башка маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин канааттануу менен белгиледи. Кыргыз Республикасы 2024-2025-жылдары ШКУга өлкөнүн төрагалыгынын алкагында Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр.

Кыргызстандын президенти белгилегендей, саясий диалогдун эң жогорку деңгээли Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун ортосундагы экономикалык күн тартипти ийгиликтүү илгерилетүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет. Кытай — Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Бир алкак — бир жол» демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон «Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда үч тараптуу Өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий этабы ийгиликтүү аяктаганына басым жасады, эми кийинки кадам – кыйла деталдуу коммерциялык келишимди бекитүү.

Президент Садыр Жапаров быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин «Барскоон — Үчтурфан — Аксу» автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Ал «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Кыргызстандын профилдик ведомстволору биргелешкен изилдөөлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн жумушчу топтору макулдашкан «Барскоон-Үчтурфан-Аксу» автожолунун каттамынын ТЭНин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай өнүккөн Кыргызстанга кызыкдар жана жүргүзүлүп жаткан реформаларда өлкөнү колдойт. Кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.

Ошондой эле ал өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторунун ачык экендигин белгиледи. Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү жылдан жылга көбөйүп, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 млрд долларга жакынды түзөт, соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга күч-аракет жумшоо маанилүү.

Ошону менен бирге Кытайдын лидери эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын саны көбөйгөнүн канааттануу менен белгилеп, Ош — Кашгар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айтты. Мындан тышкары, Си Цзиньпин Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу пандемияга чейинки мезгилге жеткенин белгилеп өттү.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору тууралуу айтып жатып, КЭР лидери жакында бул долбоорду биргелешип жылдырууда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу өкмөттөр аралык Макулдашууга кол коюу укуктук негиз түзгөнүн белгиледи.

КЭР төрагасы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президент Садыр Жапаровду Кытайга ыңгайлуу убакта сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорттук-логистикалык, инвестициялоо жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин козгошту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы Айыл чарба продукциясын экспорттоо, регионалдык өз ара аракеттенүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу документтерге кол коюлду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button