Кылмыш-кырсык

УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлктөрүн мамлекеттин менчигине конфискациялоо иштери уланууда

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча жүргүзүп жаткан ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында УКМК тарабынан К.Асанбектин (К.Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттин менчигине алуу боюнча активдүү иштер улантылууда.

Тактап айтканда, К. Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар  аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

Мындан улам, УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button