КоомКылмыш-кырсык

Кинорежиссер Турсун Үсөнов каза болду

Автокырсыктан кийин 74 жаш курагында кинорежиссер Турсун Үсөнов кайтыш болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Кырсык 1-июлда Токмоктун тушунда болгон. Кинорежиссер кесиптештери менен кино тартуу үчүн кетип бараткан жеңил унаа жүк ташыган Volvo маркасындагы автону сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен Турсун Үсөнов 3-июлда ооруканада үзүлгөн. Ал эми кошо бараткандар ооруканада. Бирөөнүн абалы оор, экинчиси туруктуу абалда экени айтылды.
Кинорежиссер менен коштошуу эртең «Кыргызфильм» киностудиясында болот.
Турсунбек Үсөнов «Жамийла» (1993), «Курманжан датка» (2011), «Салам, Нью-Йорк» (2013), «Атанын керээзи» (2015) тасмаларында экинчи режиссерлукту аркалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button