Коом

Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөп жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын милиционери менен маалымат жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-июлунда  Бийик тоолуу Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөп жаткан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын милиционери милициянын старшинасы Жумабек уулу Султан менен маалымат жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын август айында ал Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Соң-Көлдү сүзүп өтүп, ошондой эле Гиннестин рекорддор китебине арыз тапшырышат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Альпинизм Федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, “Nomad Sport” ишканасынын директору Арслан Малдыбаев, жана «World Class» фитнес клубунун менеджери Евгения Сураева катышты.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө иш-чаранын уюштуруучулары спортчу кандай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экендигин айтышты.
Маалымат жыйындын соңунда иш-чаранын уюштуруучулары жана коноктору Султан Жумабек уулуна спортто да, эмгекте да ийгиликтерди каалашты.
Эскерте кетсек, Жумабек уулу Султан 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым аралыкта сүзүп өтүп, Кыргызстанда биринчи болуп ультратриатлон аралыкты — 13 чакырымга сүзүү, 340 чакырым гавеложарыш, 52 чакырымга чуркоо боюнча жеңишке жетишкен.
Соң-Көл көлү Кыргызстандын түштүк-чыгышында Нарын облусунда жайгашкан. Ал өзүнүн тунук суулары жана кооз тоо пейзажы менен белгилүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button