КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Ири өлчөмдөгү пара талап кылган 2 судья кармалды. Видео

Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2 судьясы ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

        

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнүн алкагында 2024-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ири суммада, 6 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын 2 судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

Белгилей кетсек, камакка алуу учурунда судья К.У.Ж. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн.
Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 000 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң АКШ долларын талап кылган.
6 миң АКШ долларын алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн.
2024-жылдын 3-июлунда КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар А.Т.А. жана К.У.Ж., анын ичинде соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК КР Жогорку сотунун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш алып барууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button