КоомСпорт

Камчыбек Ташиев олимпиадага жолдомо уткан спортчулар менен жолукту

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К.Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларга ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде катышуучулар спорттук шаймандарды сатып алуу, спортчуларды жана машыктыруучуларды окуу-машыгуу жыйындарында жана мелдештер учурунда каржылык колдоо боюнча бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Мындай жагдайда К.К.Ташиев 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарына катышуучу улуттук курама командаларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ал эми спортчулар тарабынан айтылган бардык суроолор тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып, мындан аркы иштерде эске алынаары айтылды.
Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мотивация жана материалдык колдоо иретинде КР Президентинин тапшырмасы менен УКМК төрагасы аларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырып, кыргызстандык спортчулар жеңиштерге жетип, мекенине байгелүү медалдарды алып келээрине ишенимин билдирди.
Ошондой эле, спортчулар менен болгон жолугушууда К.К.Ташиев бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында заманбап спорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы спорттук объектилерди куруу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады. «Анткени аймактын жашоочулары менен болгон жолугушуулар ар бир муниципалитет дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекске муктаж экенин көрсөттү» — деп баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Бекитилген акыркы тизмени эске алуу менен Кыргыз Республикасы 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына он алты жолдомо алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button