Спорт

Азия балдары — 2024. Жеңил атлетика боюнча курама 2 күмүш медаль утуп алды

Жеңил атлетика боюнча кыргызстандык 2 жөө күлүк достук эстафетасында 2 күмүш медаль утуп алды.
Эркектер арасында Элсүйөр Хабибуллаев эстафеталык жарышта 400 м чуркап, Таиланд, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнүн спортчулары менен бирге күмүш медаль тагынды.
Ошондой эле, кыздар арасында Амалия Юсупова 100 м аралыкта чуркап, Россия, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн жөө күлүктөрү менен бирге күмүш байгенин ээси болду.
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасында жалпы 8 спортчу катышты. Команданы ага машыктыруучу Алексей Намуратов жетектейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button