КоомМаданият

Бишкекте сүрөтчү Мамыралы Эшбаевдин “Көз караш” аттуу юбилейлик көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 4-июлда Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү, педагог, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Ош Мамлекеттик университетинин профессору, ОшМУнун Искусство факультетинин “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасынын доценти Мамыралы Эшбаевдин 65 жылдык мааракесине арналган “Көз караш” аттуу юбилейлик көргөзмөсү ачылды. Автордун ар бир беш жылда жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу салты быйыл да уланууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунан жана Ош мамлекеттик университетинен кесиптештери, жакындарды катышты. Мааракелүү датага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ардак грамотасы тапшырылды. Көргөзмө 2024-жылдын 21-июлуна чейин уланат.
Мамыралы Эшбаев 1959-жылы 1-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ызар айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Пржевальский педагогикалык институтунун (Каракол шаары) көркөм-графика бөлүмүнө тапшырып, аны 1985-жылы аяктаган. Ошол эле жылы сүрөтчү Ошко кайтып келип, мугалимдик эмгек жолун Оштогу педагогикалык окуу жайында баштаган. 1987-жылдан тартып азыркы күнгө чейин Ош педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) көркөм өнөр кафедрасында эмгектенип келет.
“Кесиптештеринин айтымында, көзүнө операция жасалып, узак мөөнөт аралыгында терапиядан өткөндөн кийин Эшбаев жаңы баскычка көтөрүлгөн. Анын көптөрдүн көз жаздымында калган нерселерди аңдап көрүү дилгирлиги жашоосунун метафорасына айланган”. Жыл сайын Мамыралы Эшбаев кесиптештери менен биргеликте ачык асман алдындагы пленэрлерге катышып келет.
Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2007-2011-ж.); “Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси (2014-ж.); Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери (2019) жана бир катар сыйлыктардын ээси.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button