Кылмыш-кырсык

УКМК: Кара-Суу районунда расмий документтерди жасоого байланышкан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлду. Видео

УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кара-Суу районунун аймагында расмий документтерди даярдоо жана сатуу боюнча мыйзамсыз каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Аталган канал аркылуу диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарга расмий иш кагаздары системалуу түрдө даярдалып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштырылгандыгы аныкталды.
2024-жылдын 2-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК Ош облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүп, анда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргыз Республикасынын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынды. Мындан тышкары «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун тыюу салынган экстремисттик материалдары жана баракчалары табылды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө органдары тарабынан паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button