Саясат

Садыр Жапаров Индиянын премьерине адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, — деп айтылат телеграммада.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button