Коом

Бишкекте жакында Комсомол көлүн ачуу пландалууда

Бишкекте жакында Кара-жыгач багындагы Комсомол көлүн ачуу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда көлдүн түбүн механикалык жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважина жана канализация системасын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жакында көлдүн айланасындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталат. Көлдүн түбүн жана тегерек-четин тазалоо иштерин «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу менен толтурулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button