КоомКылмыш-кырсык

Баткенде жарандар диний экстремисттик агымдан баш тартышты

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу максатында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болгон Лейлек районунун тургундары- мурда соттолгон 50 жаштагы Г.А., 49 жаштагы Б.Х., 35 жаштагы Н.у.А., 38 жаштагы С.К. өз каалоолору менен аталган уюмдан баш тарткандыгын билдиришти.

Бул тууралуу алар өзүнүн видео кайрылуусунда билдирип, мындан ары бул агымга эч кандай тиешеси жок экендиги жана идеологиясын колдобоосу жөнүндө кайрылуу жасашкан.
Азыркы күндө облустун аймагындагы ушул жарандарга окшоп адашып башка жолго кетип калган жарандар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button