Кылмыш-кырсык

ИИМ: Издөөдө жүргөн жаран кармалды, ал 2010-жылдагы Ош окуясында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө

ИИМ: Издөөдө жүргөн 2010-жылдагы окуянын катышуучусу кармалды, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан, жашынып жүргөн 1991-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Н.Х. аттуу жараны чет мамлекеттин аймагынан кармалды.
Ал 2010-жылы болгон окуялар учурунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмышкер узак убакыт чет мамлекеттин аймагында жашынып жүргөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча 1991-жылы туулган Н.Х. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Н.Х. Кыргыз Республикасына алынып келинип, камакка алынды.
Кылмышкердин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн, КМШ мамлекеттериндеги уюшкан кылмыштуулукту координациялоо боюнча бюронун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жардамы менен, жана Россия Федерациясынын Москва облусунун Одинцово шаарынын полиция кызматкерлери, Ош ШИИБнын кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып келет.

https://youtu.be/UpjJ4Q9E-Kw

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button