КоомМаданият

Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон айымдарга арналган көргөзмө өтөт

Италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин
«Жашыруун күндөлүк- күзгү артында жашоо» аталышындагы персоналдык көргөзмөсү болот. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, журналист Гүлзада Шаршеналиева билдирди.

Пильоненин иллюстрациялары толугу менен аялдын жан дүйнөсүнө, жашоону кабыл алуусуна арналат.

Сурөт тартуу техникасы акрил менен ар бир деталды тартып чыгып, аларды кайрадан окуяга байлап, бириктирип композиция түзүүдөн турат.

Эл аралык көргөзмөнүн максаты жөн гана исскуство дуйнөсүнө сүңгүү гана эмес, Италия айымдары «самоклейкага» кабылганда мамлекет, коом кандай мамиле кылаары тууралуу маалымат алып, айымдардын жеке өсүүсү, психологиялык оор кырдаалдан чыгуусу боюнча пикир алышуу, тажрыйба алмашуусун уюштуруу.

Анткени Луиза Пильоне кесиби боюнча мед айым жана азыркы кезде Эл аралык көргөзмөлөргө катышып, өзүн психологиянын бир бутакчасы болгон арт-терапевт катары да таанытып келет. (Арт терапияда аялдын жан дүйнөсүн, психологиялык абалын кагаз бетине түшүрүү, бошотуу)

Көргөзмө Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт-өнөр музейинде 23-июль күнү саат 11:00де башталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button