КоомКылмыш-кырсык

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз иштеп жаткан 2 медресе аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды жакшыртуу жана ар кандай салттуу эмес агымдардын жактоочуларынын диний чөйрөгө таасирин минималдаштыруу максатында УКМК тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Алсак, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз жана тиешелүү каттоосу жок өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эки «медресе» диний билим берүү мекемеси аныкталды.
Буга байланыштуу аталган медресенин ишмердүүлүгүн ИИМдин, ӨКМдин, СЭСдин, райондук мамлекеттик администрациянын, архитектура жана диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык комиссия комплекстүү текшерип, жыйынтыгында КР Дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.


Ошондой эле, текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 35 бала билим алып жатканы такталды.
Учурда медреселердин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди, ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» боюнча каралган санкциялар колдонулууда.
КР УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата–энелерди жана жарандарды медреселердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, анын ичинде эсептик каттоого алуу, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жоктугун текшерүүгө чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button