Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында 14 медалдардын топтому ойнотулат.
Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.
Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.
Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.