Спорт
Эрлан Шеров чейрек финалга чыгуучу беттеште жеңилип калды
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышуусун жыйынтыктады.
Эрлан Шеров 90 кг салмак категориясында 1/8 финалда испаниялык спортчу Тристани Мосахлишвили менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.
Буга чейин Эрлан Шеров 1/16 финалда кубалык Силва Моралез менен кез келип, аны утуп алган.
Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.