Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде беш тепкичке көтөрүлдү
Кыргыз паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингинде көтөрүлдү. Henley & Partners консалтинг компаниясы июль айынын аягында World Passport Index’тин жыйынтыгын көрсөттү.
Белгиленгендей, Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде Бенин, Мозамбик жана Монголия сыяктуу өлкөлөр менен катар 76-орунга чыкты. Мурунку жылга салыштырмалуу өлкө 81-орундан беш тепкичке көтөрүлүп, көрсөткүчүн жакшыртты.
Эске салсак, Кыргызстан 2006-2009-жылдар аралыгында бул рейтингде эң жакшы позицияларды ээлеген. Андан кийин ал тизмеде 68-орунга түшкөн. Кийинчерээк позициясын жогото баштаган, 2021-жылы өлкө бүгүнкү күнгө чейин эң начар натыйжасын көрсөтүп, 86-орунга түшкөн.
Henley & Partners компаниясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кыргыз паспорту менен 64 өлкөгө визасыз барууга болот. Алардын арасында Бангладеш, Барбадос, Камбоджа, Доминика, Гаити, Иран, Ямайка жана башкалар бар.