Коом

Интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарга ири суммада айып салуу сунушталууда

Министрлер кабинети демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

Анда бийлик ЖМК, интернет булактар аркылуу мазактап, кемсинткен учурлар көбөйүп жатканын айтып, Укук бузуулар жөнүндө кодексти жаңы берене менен толуктоону сунуштаган.

Ага ылайык, ЖМКларда, интернет сайттарда же соцтармактагы баракчаларда адамдын ар-намысына шек келтирип, атайын кемсинтип, жалаа жаап, беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button