Коом
Өкмөт медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү бекитти
Министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү белгиледи. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
«Өзгөчө эмгек шарттары үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам дарыгерлерине түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына жараша 20 миң сом компенсациялык төлөмдөр берилет, бирок ал бир ставкадан ашпоого тийиш», — деп айтылат маалыматта.