Коом
1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт
Кыргызстанда 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
“1-сентябрга карата Чүй облусунда 3 мектеп, Жалал-Абад облусунда 7 мектеп, 5 бала бакча, Ысык-Көл облусунда 2 мектеп, 2 бала бакча, Нарын облусунда 5 мектеп, Ош облусунда 2 мектеп, 2 бала бакча, Талас облусунда 1 мектеп жана 1 бала бакчаны ишке берүүнү пландап жатабыз”, — деди Орунтаев.