Коом
«Тазалык» ишканасынын кирешеси өстү
“Тазалык” ишканасынын жылдык кирешеси 20 млн сомдон 60 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.
“Жаңы техниканын келиши “Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгүн кыйла жакшыртууга жана өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет”, — деп билдирди ал.
Эске салсак, Рамиз Алиев буга чейин 2022-жылдын декабрынан 2024-жылдын май айына чейин “Тазалык” ишканасынын директору болгон.