Спорт

Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешти жеңиш менен баштады

Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты.

62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволе менен кез келди.

Таймаш 5:1 эсебинде аяктап, Айсулуу Тыныбекованын пайдасына чечилди.

Эми Тыныбекова чейрек финалда Несрин Баш (Түркия) — Кайл Миракл (АКШ) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button