Париж шаарында өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, оюндар 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат.
Парадзюдо боюнча өлкө атынан Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта катышат.
Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева барат.
Паратриатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу) катышса, пара жеңил атлетика боюнча Кыргызстандынан атынан Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочу) өлкө намысын коргомокчу.
Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына 22 спорттун түрү боюнча медалдын 549 комплекти ойнотулары айтылды.