Коом

Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театры Москвада беш спектакль тартуулайт

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Москвага барып беш спектакль коёт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы илим жана маданият борбору маалымдады.
Россиянын борборунда Кыргызстандан барган артисттер төмөнкү спектаклдерди тартуулашат:
«Пиковая дама»;
«Мастер и Маргарита»;
«Любовь и голуби»;
«Баба Шанель»;
«Пегий пёс, бегущий краем моря».
Спектаклдер Моссовет атындагы Мамлекеттик академиялык театрынын сахнасында 30-августтан 3-сентябрга чейин коюлат. Мындай иш-чаралар «Росконцерт» федералдык мамлекеттик бюджеттик маданий мекемесинин жана Россиянын Маданият министрлигинин колдоосунда «Ири гастролдор» багытындагы программасынын алкагында өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button