Коом
«Кыргыз почтасы» уставдык капиталын 543,5 млн сомго көбөйтөт
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому уставдык капиталын 543,5 млн сомго көбөйтүү планын билдирди. Мындай чечим компаниянын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.
Бул чечимдин алкагында “Кыргыз почтасы” ишканасы ар биринин номиналдык наркы 500 сомдон болгон 1 млн 87 миң даана жөнөкөй аталыштагы акциялардын жабык кошумча чыгарылышын өткөрөт. Акциялар Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2024-жылдын 15-сентябрынан 2025-жылдын 28-мартына чейин сунушталат.
Компания 2025-жылдын 28-мартына чейин бардык зарыл процедураларды бүтүрүүгө жана акцияларды чыгаруу үчүн жалпы суммасы 543,5 млн сомдук өткөрүп берүү актысына кол коюлгандыгы жөнүндө Санариптик өнүктүрүү министрлигине билдирүүгө милдеттенди.